• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Милициянын кайгуул кызматкерлери карыларды, балалуу аялдарды үйлөрүнө жеткирүүдө

Коом 0


Бишкек, 02.06.21. /Кабар/. Бишкекте борбор шаардык милициянын кайгуул кызматкерлери жөнөкөй кары-картаңдарга жана балалуу аялдарга үйүнө чейин жетүүгө көмөк көрсөтүшүүдө, деп билдирет ведомвтвонун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2-июнда маршруттук таксилердин айдоочуларынын көпчүлүгү линияга чыгышкан жок, буга байланыштуу милициянын кайгуул кызматкерлери карапайым улгайган адамдарга жана балалуу аялдарга үйүнө жетүүгө жардам берип жатат. Автобустар жана троллейбустарда эл толо.

“Бишкек шаардык кайгуул кызматкерлери мүмкүнчүлүгү барларды жана унаасында орун болсо жүргүнчүлөрдү ала кетиңиздерди суранабыз”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий