• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кайгуул кызматкерлери коомдук транспорттун айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери коомдук транспорттун айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, милиция кызматкерлери Ош, Аламүдүн базарлары, Чыгыш жана Батыш автобекеттердеги Бишкек-Казарман, Бишкек-Токтогул, Бишкек-Талас, Бишкек-Нарын, Бишкек-Токмок, Бишкек-Кара-Көл жана Бишкек-Ош каттамы боюнча жүрүүчү маршруттук унаалардын айдоочулары менен жолугуу өткөрдү. Анда жол транспорт кырсыктарынын алдын алуу, аларга жол бербөө, жол эрежелеринин талаптарын так аткаруу боюнча профилактикалык иштер жүргүзүлдү.

Аны менен бирге техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери айдоочуларга жолдо жүрүү учурунда психологиялык жактан даяр жана туруктуу болуп, жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө коркунуч туудурбастан, каттамдан келгенден кийин сөзсүз бир сутка эс алып, эртеси жолго чыгууну сунуштады.

Жолдо жүрүү учурунда аралыкты сактоо менен тилкеден тилкеге өтүүдө, ылдамдыкты азайтуу керектигин эскертишти. Ошондой эле авто унаалардын техникалык абалын, мотор майларын, жарык берүүчү чырактардын оң абалда болуусун белгилеп, жайкы дөңгөлөктөр сөзсүз кышкы дөңгөлөктөр менен алмашуусун эскертишти.

Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери мындан ары да автобекеттерде түшүндүрүү, үгүттөө жана текшерүү иш-чараларын үзгүлтүксүз жүргүзөт.

Пикир

Оставить комментарий