• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кайгуул кызматкерлери окуучуларга жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 16.02.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери мектеп окуучуларына жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Милициянын кайгуул кызматкерлери 18-январдан тартып жалпы билим берүүчү орто мектептердин 1, 5, 9, жана 11-класстардын окуучулары окуп баштагандыктан, окуучулар менен жолугуп, жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Бишкек шаарындагы бөлүнгөн мектептерге барып, мектеп окуучулары менен ачык сабактарды өткөрүштү. Жолугушуу учурунда атайын жаш балдар үчүн чыгарылган анимациялык сүрөттөр чагылдырылган журналдар жана жаш балдардын ойлонуусуна, элестетүүсүнө жана жол белгилерин эстеп калуусуна түрткү берген сүрөттөр таратылды.

Андан сырткары, класстын окуучулары үйдөн чыккандан тартып, мектепке келип кеткенге чейинки аралыкта өзүнүн коопсуздугун кантип сакташ керек, жөө өтмөктөн кайсыл учурда өтүш керек жана жөө жүргүнчүлөр билүүгө милдеттүү болгон жол белгилери тууралуу маек курулуп, алгачкы класстын окуучулары менен жолдо жүрүүдө өзүн алып жүрүү маданияты тууралуу пикир алмашуу жүргүзүлдү.

Азыркы учурда милициянын кайгуул кызматкерлери Бишкек шаары боюнча 101 жалпы билим берүүчү орто мектепке жалпысынын 148 кызматкер бекитилип, мектеп окуучуларынын коопсуздугун сактоо боюнча эрте мененки убакта окуучулар мектепке келүү учурунда мектептин айланасында коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууда.

Пикир

Оставить комментарий