• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кайгуул кызматкерлери оор абалдагы 3 жашар баланы ооруканага жеткирүүдө жардам беришти

Коом 0

Бишкек, 13.04.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматынын жетекчилигине Алиева Дарья аттуу айым уулунун өмүрүн сактап калганга себепкер болгон кызматкерлер үчүн ыраазылыгын билдирген, деп айтылат Милициянын кайгуул кызматынын басма-сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Маалыматка ылайык, мындан 1-2 күн мурун Алиева Дарья аттуу айым социалдык сайттар аркылуу милициянын кайгуул кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирүү максатында пост жазган.

Анда 2021-жылдын 9-апрелинде жаш баласынын башы жарылып, көп кан жоготуу менен, оор абалда ооруканага жеткирүү учурунда жол тыгыны пайда болуп, жолдогу кайгуул кызматкерлерине кайрылганын жана алар тез арада ооруканага жеткирип, ошондой эле кызматкерлер айымга миң сом акча бергендигин баяндаган.

“Бүгүн бул айым атайын келип, Бишкек ШИИББ боюнча милициянын кайгуул кызматынын башчысы Исаков Алмазбек Карыповичке уулунун өмүрүн аман алып калышына себепкер болгон милициянын кенже сержанты Курманбек уулу Нурмат жана милициянын сержанты Мукашев Элназарга ыраазычылыган билдирип, болгон окуяны баяндап берди”,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ал азыркы учурда баласынын ден соолугу жакшы экендигин билдирди.

Өз сөзүндө Бишкек ШИИББгы боюнча МККБнын башчысы Алмазбек Исаков мындай жардам берүүлөр көп болоорун белгилеп, негизги максат коомдун коопсуздугу үчүн кызматкерлер күнү-түнү кызматта экендигин кошумчалады. “Эң негизгиси уулуңуздун ден соолугу жакшы болуп калгандыгы бизди кубандырат” -деген жакшы оюн билдирди Исаков.

Пикир

Оставить комментарий