• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кайгуул кызматкерлери өз жанын кыюуга аракет кылган жаш кызды куткарып калышты

Коом 0


Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери өз жанын кыюуга аракет кылган жаш кызды куткарып калышты.

Кайгуул кызматынан кабарлашкандай, 2021-жылдын 1-августтунда болжол менен саат 15:40тар чамасында Бишкек шаардык милициясынын “102” кызматына 20 жаштагы кыз жоголду деген маалымат түшкөн.

Айтылган дарекке келген кайгуул кызматкерлерине белгисиз айым Ж.Г. аттуу 20 жаштагы сиңдисин издеп жаткандыгын жана ал өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылышы мүмкүндүгү тууралуу айткан.

"Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери изделип жаткан кызды тапкан учурда, ал чоң суунун үстүндөгү суу түтүгүнөн боюн таштоого аракет кылып жаткандыгын көрүшкөн. Кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам түрдө суу түтүкчөнүн үстүндөгү кызды кармап, суунун жээгине алып чыгышкан. Андан ары кыздын аты-жөнүн жана психологиялык абалын аныктоо үчүн Биринчи май райондук ИИБга жеткирип беришкен. Өз кезегинде кыздын эжеси кайгуул кызматкерлеринин ыкчам аракетине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий