• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кайгуул кызматкерлери жол эрежелерин сактоо боюнча окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 24.02.21. /Кабар/. Бишкек шаардык милициясы боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери окуучулар менен жолугуп, жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн кайгуул кызматкерлери Бишкек шаарындагы бөлүнгөн мектептерге барып, окуучулар менен ачык сабактарды өткөрүштү.

Жолугушуу учурунда атайын жаш балдар үчүн чыгарылган боёло турган анимациялык сүрөттөр чагылдырылган журналдар жана жаш балдардын ойлонуусуна, эстеп элестетүүсүнө жана жол белгилерин эстеп калуусуна түрткү берген сүрөттөр таратылды.

Андан сырткары, баштапкы класстын окуучулары менен үйдөн чыккандан тартып, мектепке келип кеткенге чейинки аралыкта өзүнүн коопсуздугун кантип сакташ керек, жөө өтмөктөн кайсыл учурда өтүш керек жана жөө жүргүнчүлөр билүүгө милдеттүү болгон жол белгилери тууралуу маек курулуп, алгачкы класстын окуучулары менен жолдо жүрүүдө өзүн алып жүрүү маданияты тууралуу ой пикир алмашуу жүргүзүлдү.

Учурда калаадагы 101 жалпы билим берүүчү орто мектепке 148 кайгылуу кызматкери бекитилип, мектептин айланасында коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууда.

Пикир

Оставить комментарий