• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кайгуул кызматкерлерине кесиптик билимин жогорулатуу максатында сабактар өткөрүлүүдө

Коом 0

Бишкек. 09.06.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын өздүк курамына кызмат учурунда керектелүүчү нускамаларды, Кыргызстандын мыйзамдарын, өкмөттүн токтомдорун, ИИМдин буйруктарын, ошондой эле Жазык, Жоруктар, жана Бузуулар кодекстерин жана башка укуктук-ченемдик актылар боюнча сабактар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сабактын жүрүшүндө кесиптик даярдоо бөлүмүнүн кызматкерлери кайгуул милициясы - бул элге эң жакын, тыгыз иштешкен башкармалык экендигин эске алып, ар кандай чакырууларга анын ичинен үй-бүлөлүк жаңжалдашууларга барган учурда, буйрукта көрсөтүлгөн нормалар менен иш алып барууга, үй-бүлөлүк зомбулуктун аныкталган фактылары боюнча убактылуу коргоо ордерлерин берүү, жана КР мыйзамдарына ылайык андан ары каттоодон өткөрүү үчүн ИИМдин аймактык бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө өткөрүп берүү боюнча өздүк курамга түшүндүү боюнча лексия өткөрдү.

Ошондой эле эл менен иштешүүдө мыйзамда көрсөтүлгөн баардык нормаларды так сактоого чакырды.

Пикир

Оставить комментарий