• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кайгуул кызматы акыркы үч айда жол эрежесин бузган 1,6 миңден ашуун чет өлкөлүк унааны аныктады

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан 2021-жылдын 3 ай ичинде жол эрежелерин бузган 1 миң 631 чет өлкөлүк унааны аныктады.

Кайгуул кызматынан кабарлашкандай, 2021-жылдын 1-чейрегинин ичинде каттоо мөөнөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номерлүү 1636 автоунааны аныктады.

Алардын ичинен Россияныкы - 337, Арменияныкы - 33, Азербайжандыкы - 50, транзиттик номерлер - 1139, 77 жана башка чет өлкөлүк номерлүү автоунаалар.

Эреже бузган унаалардын баарына тиешелүү протоколдор толтурулду. Анын ичинен ар кандай багытта жол эрежесин бузган 39 автоунаа айып короосуна токтотулду.

Милициянын кайгуул кызматы аталган багытта иштерди улантат.

Пикир

Оставить комментарий