• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кайгуул кызматы мас абалында автоунаа башкаруу жол кырсыгына алып келерин эскертет — ролик

Коом 0


Бишкек, 12.08.21. /Кабар/. Кайгуул кызматы мас абалында автоунаа башкаруу жол кырсыгына алып келерин эскертет.

Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, жыл башынан тартып азыркы күнгө чейин Бишкек шаарынын аймагында мас абалында автоунаа башкарган 1 миң 873 факты аныкталган. Айдоочулардын барына Кыргыз Республикасынын бузуулар тууралуу кодексинин тийиштүү беренесинин негизинде айып пулдары салынып, автоунаалар убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Ал менен кана чектелбестен, мас абалында унаа башкарып, жол транспорт кырсыгына кабылган фактылар да кездешет. Ошондуктан Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматы айдоочуларга эскертүү иретинде видео ролик тартуулайт.

Пикир

Оставить комментарий