• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кайгуул кызматы үн чыгаруучу жана жарык берүүчү каражаттарды мыйзамсыз орнотуп алгандарга айып салынарын эскертет

Коом 0

Бишкек, 07.12.21. /Кабар/. Бишкектин Кайгуул кызматы жаңы кодекске ылайык, ыкчам кызматтардын үн чыгаруучу жана жарык берүүчү каражаттарын мыйзамсыз орнотуп алган айдоочуларга 5 миң 500 сомдон 17 миң сомго чейин айып салынарын эскертет.

194-берене. Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаруу.

1. Айдоочунун тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган же транспорт каражатынын конструкциясында каралбаган кошумча жабдуулар орнотулган транспорт каражатын башкаруусу жеке жактарга 55 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

2. Сыртына ыкчам кызматтардын транспорт каражаттарынын атайын түстүү графикалык схемалары мыйзамсыз түшүрүлгөн же атайын үн чыгаруучу же жарык берүүчү сигналдар орнотулган транспорт каражатын башкаруу – жеке жактарга түшүрүлгөн түстүү графикалык схемаларды өчүрүү менен 5 500 сом айып салынат;

Ал эми юридикалык жактарга түшүрүлгөн түстүү графикалык схемаларды, жарнамаларды, жазууларды, сүрөттөрдү өчүрүү менен 17 миң сом өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.

3. Айдоочунун маӊдайкы айнеги жана (же) алдыӊкы эшиктердин каптал айнектери күӊүрттөлгөн, анын ичинде колго жасалган, өнөр жайлык түрдө даярдалган, же болбосо аларда пардалар пайдаланылган же айнектеринде чагылышкан күӊүрттөөчү жабуусу бар транспорт каражатын башкаруусу (тонировка) – жеке жактарга 5 500 айып пул салууга алып келет.

Эскертүү. Транспорт каражаттарынын айнектеринин жарык өткөрүүсү (күӊүрттөлүүсү) Бажы бирлигинин Техникалык регламентинин талаптарына ылайык келүүсү керек.

Ушул ченем министрлер кабинети тарабынан тизмеги аныкталуучу атайын автоунааларга карата колдонулбайт.

Пикир

Оставить комментарий