• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кайгуул кызматы “Тазалык” менен биргеликте жолдорду кардан тазалоодо

Коом 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жолдордогу карды тазалоодо. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган кызматтын кызматкерлери жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, айдоочулардын жолдо тоскоолдуксуз жүрүүсүнө шарт түзүү максатында Бишкек шаарынын аймагындагы төрт райондо жолдорго түз, кум сыяктуу инерттик каражаттарды себүү менен карларды сүрүп тазалоо иштерин алып барууда.

Ошондой эле “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кар тазалоочу техникаларынын ишин толук кандуу тосколдуксуз жана үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн аларды коштоп жүрүүдө.

Кайгуул милициясы жолдорду кардан арылтуу иштери түнкүсүн да улантыла тургандыгын эскертип, айдоочулардан автоунааларды жол жээгине токтотпоону суранат.

Пикир

Оставить комментарий