• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кайгуул кызматынын унааларынын катышуусу менен 7 жол кырсыгы болгон

Коом 0

Бишкек, 28.01.20. /Кабар/. Кайгуул кызматы ишке киргенден тарта (2019-жылдын 31-октябрынан тарта) аталган кызматтын унааларынын катышуусу менен 7 жол кырсыгы болгон. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, 2 жол кырсыгында Кайгуул кызматынын кызматкерлери күнөөлүү болгон. Жол кырсыгында унаа жабыркаган учурда, анын чыгымын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы жабып, кийин ал чыгым ошол кызматкердин эсебинен кайтарылат.

"Жол кырсыгынын 5 учурунда кызматкерлердин күнөөсү болгон эмес", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий