• 84.75
  • 102.96
  • 1.14

Кайгуул кызматынын унаасынын катышуусундагы жол кырсыгынын чоо-жайы айтылды

Кырсык 0

Бишкек, 22.02.21. /Кабар/. Буга чейин Милициянын кайгуул кызматынын унаасы менен жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы болгондугу айтылган.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, кырсык бүгүн, 22-февралда эртең мененки саат 07:30дар чамасында Фрунзе менен Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда "Дэу Нексия" үлгүсүндөгү унаа менен кайгуул кызматынын унаасы кагышкан.

"Жабыркагандар жок. Эки унаа тең айып аянтчасына токтотулган", - деп айтылат маалыматта.

Жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий