• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кайгуул милициясы кызматына сынакка катышкан талапкерлер 17-июнда тестирлөөгө чакырылууда

Коом 0

Бишкек, 13.06.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдагандай, Кайгуул милициясы кызматына сынакка катышкан талапкерлерди 17-июнда саат 08:00дө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясында (Бишкек ш., Валиханов көчөсү 1а/1) тестирлөөгө күтүшөт.

Сынактын катышуучулары тестирлөө үчүн алдын ала «ДЕМИР БАНК» ЖЧК 1180000058426340 эсебине 200 (эки жүз) сом төлөөгө тийиш. Төлөмдүн багыты: ЖРТ боюнча тест үчүн.

Талапкердин жанында паспорту (же башка өздүгүн аныктаган күбөлүк) жана ЖРТ тест үчүн төлөмдүн дүмүрчөгү болушу керек.

Пикир

Оставить комментарий