• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кайгуулчулар элди элжиреткен кичинекей "инспекторлорго" белектерди тапшырышты. Сүрөт

Коом 0

Бишкек, 20.03.23. /Кабар/. Кайгуул кызматкерлери социалдык тармактарда "жол кыймылын жөнгө салып жаткан" жаш бөбөктөргө башкармалыктын атынан белектерди тапшырышты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Кичинекей "инспекторлордун" улуусу Алымбек жети жашта, анан иниси Адилет беш жана кошунасы Байхан алты жашта. Бул бөбөктөр Бишкек шаарынын 1-май районунда жашашат. Алымбек Бишкек шаарынын 18-мектебинин окуучусу. Келечекте жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында кызматкерлеринин катарын толуктоону максат кылат.

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери бөбөктөр жолдо унаа каражаттарын тосуп ойноо, балдардын өмүрүнө коркунуч жаратарын ата-энелерине түшүндүрүштү.

Белгилей кетсек, күн мурун интернет желесинде "жол кыймылын жөнгө салып жаткан" кичинекей бөбөктөрдүн видеосун тараган.

Пикир

Оставить комментарий