• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кайра шайлоого даярдануу учурунда Ош АШКга жалпы 22 кайрылуу келип түшкөн

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.07.21. /Кабар/. Ош шаарында кайра шайлоого даярдануу мезгилинде Аймактык шайлоо комиссиясына (АШК) жалпы 22 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу брифинг учурунда Ош аймактык шайлоо комиссиясынын (АШК) төрагасы Урмат Аттокуров билдирди.

Анын айтымында, шайлоо алдындагы үгүт иштеринин шарттарын бузуу боюнча - 3, шайлоочулардын добуштарын сатып алуу боюнча – 16 маалымат, административдик ресурстарды кыянаттык менен пайдалануу – 3 маалымат.

«Анын ичинен 9 кайрылуу кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды, 1 маалымат боюнча факты аныкталбагандыктан текшерүүдөн кыскартылды, 6 материал боюнча тергөө жүрүп жатат, дагы 2 материал кылмыш курамы жок болгондуктан иш токтотулган», - деди ал.

Ошондой эле Аттокуров ал материалдар АШКга КРнын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, чараларды көрүү үчүн өткөрүлүп берилгенин кошумчалады.

Электрондук маалымат реестринде 13 билдирүү катталды. Атап айтканда, 1 материал текшерилген, 8 материал АШКга берилген, 4 материал номенклатура документтерине тиркелип, прокуратура органдары чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерди.

Ошондой эле ал Ош аймактык шайлоо комиссиясы 4 жаранга 50 миң сом айып салгандыгын кошумчалады, анын ичинде эки жаранга талапкер жөнүндө билип туруп жалган маалымат бергендиги үчүн, бир жаранга шайлоо өнөктүгүнүн шарттарын бузгандыгы, талапкердин ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтиргендиги үчүн айып салды.

Эскерте кетсек, Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш сатып алуу фактылары аныкталып, үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде өткөн шаардык кеңештеринин шайлоосунун жыйынтыгы жараксыз деп табылган. Мындан улам шаардык кеңештерге депутаттарды кайра шайлоо 2021-жылдын 11-июлуна белгиленген.

Пикир

Оставить комментарий