• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кайра шайлоого катышуу үчүн 41 жаран талапкерлигин көрсөттү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 20.01.22. /Кабар/. БШКга 27-февралда өтүүчү №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу жөнүндө 41 талапкерден (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) билдирме түштү.

Боршайкомдон билдиришкендей, № 27 Биринчи май округу боюнча талапкерлер:
- Сартаев Анвар Айдарович;
- Токтакунов Нурбек Акбарович;
- Жакыпбеков Шадыкан Мырзаканович;
- Жоробеков Азаматбек Жолборсович;
- Сурабалдиева Элвира Жыргалбековна;
- Сыдыков Урматбек Мукамбетжусупович;
- Аматов Рысбай Аматович;
- Акылбеков Русланбек Акылбекович;
- Абдыкадыр уулу Бектур;
- Гапаров Адылбек Абдикаримович;
- Момбеков Рыскелди Чыныбекович;
- Мамбетсадыков Азамат Нурбекович;
- Мусаев Тахир Насырович;
- Кермалиев Таалайбек Жеңишович;
- Келгенбаев Акжолтой Коконбаевич;
- Капаров Чыңгыз Капарович;
- Нурматов Темирбек Асанович;
- Абдыразакова Айжан Улановна.

№ 29 Свердлов округу боюнча талапкерлер:
- Керимбаев Жусубалы Топчубаевич;
- Жолдошова Назгүл Амантуровна;
- Жумагазиева Нуржан Курманбековна;
- Асанбеков Жаныбек Асанбекович;
- Алмамбетова Гуля Идиновна;
- Бейшенбаев Эдил Нурбекович;
- Султанбеков Муратбек Кенешбекович;
- Атазов Шайлообек Карыбекович;
- Карамушкина Ирина Юрьевна;
- Тургунбаев Улукбек Абдивалиевич;
- Болотбеков Бакытбек Болотбекович;
- Алканова Элнура Сайдиракмановна;
- Бакиров Бакыт Жеентаевич;
- Саадабаев Бакыт Муратбекович;
-Маматкулов Нурланбек Жолошович;
- Мотуев Нурдин Аманканович;
- Майрамбек уулу Калыс;
- Аспек уулу Азамат;
- Абышев Медер Болотович;
- Муртазалиев Абдурахман Шамильевич;
- Ибраймакунов Данияр Өмүрбекович;
- Салянова Аида Жеңишбековна;
- Эргешов Казыбек Кочкорович.

Белгилей кетсек, бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2022-жылдын 27-январында саат 18:00дө аяктайт.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп, Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдарында шайлоочулар баарына каршы добуш берген. Мындан улам кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралына дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий