• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кайра өзгөчө абал киргизилиши мүмкүнбү? – Саламаттык сактоо министрлигинин жообу

Коом 0

Бишкек, 25.06.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев өлкөнүн айрым аймактарында кайра өзгөчө абал киргизилиши мүмкүнбү деген суроого жооп берди.

“Өзгөчө абалды бүгүн республикалык штабда да талкуулайбыз. Бүгүнкү күнү Бишкек шаарында, андан кийин Чүй облусу, Ош шаары жана Ош облусунда абал курч болуп турат. Ошондуктан учурдагы абал ар тараптан каралып, бардык жагдайлар эске алынып чечим кабыл алынат деп ойлойм”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий