• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кайрадан муунтуу ыкмасы! Нурмагомедов Дастин Порьени жеңип, чемпиондук курун сактап калды

Спорт 0

Бишкек, 08.09.19. /Кабар/. Абу-Даби шаарында UFC 242 турниринин алкагында россиялык Хабиб Нурмагомедов жеңил салмак ченинде чемпиондук курун сактап калды.

Америкалык мушкер Дастин Порье менен болгон беттеш 3 бөлүккө созулду. Үчүнчү бөлүктө Нурмагомедов муунтуу ыкмасы менен каршылашын жеңип алды.

Биринчи бөлүктү эки мушкер соккулар менен баштады. Россиялык мушкер көпкө күттүрбөй Порьенин бутуна кирип, уруш партерде уланды.

2-бөлүктө Порье өзүнүн мыктылыгын көрсөтүп, соккулар менен Нурмагомедовду ургулай баштады. Ага россиялык балбан чыдабай, күрөш ыкмасын көрсөтө баштады.

3-бөлүк партерде уланды. Порьенин аракетине карабай Нурмагомедов күчтүү болгону билинип калды. Россиялык мушкер беттешти партерге өткөрүп, муунтуу ыкмасы менен америкалык мушкерди жеңип алды.

Белгилей кетсек, Хабиб Нурмагомедовдун куржунунда 28 жеңиш болсо, Дастин Порьеде 25 жеңиш, 6 жеңилүү деген көрсөткүчкө өзгөрдү.

Пикир

Оставить комментарий