• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кайрат Иманалиев Кара-Кулжада маданият мекемелеринин абалынан кабар алды

Маданият 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 10-октябрында КР маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Кара-Кулжа районундагы райондук маданият үйү, китепкана жана Р. Абдыкадыров атындагы райондук музыкалык мектебинин эмгек жамаат менен жолугуп, иштеринин жүрүшүнөн кабар алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө райондук маданият мекемелеринин учурдагы ишмердүүлүгү башка райондорго үлгү катары экенин баса белгилеп, айрыкча музыкалык мектептин заманбап ремонттон өтүшү, жаңы багытта мыкты билим берип жаткандыгын, китеп фондунун байлыгы жана маданият бөлүмүнүн жигердүү иш алып барып жатканына күбө болду.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында райондогу маданият өкүлдөрүнүн мындай натыйжалуу иш алып барып жатканын баса белгилеп, жалпы кызматкерлерге ыраазычылык билдирүү менен, 2022-жылы элеттик маданиятты көтөрүү форумун Кара-Кулжа районун мисалында өткөрүүнү сунуштап, бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий