• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кайрат Иманалиев КТРКнын башкы директорунун м.а. болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 15.10.21. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясатынын мурдагы министри Кайрат Иманалиев Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу КТРКнын расмий сайтында жазылат.

Билдирүүгө ылайык, мындай чечим бүгүн, 15-октябрда КТРКнын Байкоочу кеңешинин жыйынында кабыл алынган.

Телеканалдын башкы директорлугун аркалап келген Бактияр Алиев өз каалоосу менен кызматынан кетти.

Пикир

Оставить комментарий