• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кайрат Иманалиев маданият министринин орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 15.01.19 /Кабар/. Кайрат Иманалиев маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Белгилей кетсек, Маданият, маалымат жана туризм министрлигиндеги жаңы орун басар маданият тармагын тейлейт.

Эске салсак, Иманалиев 2018-жылдын май айына чейин КТРК радиоберүү боюнча башкы директорунун орун басары болуп эмгектенген.

Бул орунду аркалап келген Айнура Темирбекова 25-декабрда кызматтан кетүү чечимин кабыл алганын Facebook баракчасына жазган.

Пикир

Оставить комментарий