• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кайрат Иманалиевдин “Коркут Ата” спектакли Казакстандан байгелүү кайтты

Маданият 0

Бишкек, 25-апрель /Кабар/. Өткөн жуманын аягында Казакстандын Түркестан жана Шымкент шаарларында Түрк тилдүү мамлекеттердин “Театр көктөмү” аттуу эл аралык театр фестивалы жыйынтыкталды. Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлиги жана ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан уюштурулуп, Казакстандын тунгуч режиссеру Жумат Шаниндин 125 жылдыгына арналган фестивалга Кыргызстандан Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театры драматург Кайрат Иманалиевдин “Коркут Ата” спектакли менен катышып байгелүү кайтты.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму тарабынан Казакстандын Түркестан шаары “2017-жылы Түрк ааламынын маданият борбору” деп жарыяланган. Андыктан бул жолку эл аралык театр фестивалы Түркестан жана ага жакын жайгашкан Шымкент шаарларында өтүп жатканы бекеринен эмес. Түрк тилдүүтеатр ааламынын 12 театрыат салышкан зор сынагына Кыргызстандын атынан барган Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театры көргөзгөн, драматург Кайрат Иманалиевдин “Коркут Ата” спектаклинкөрүүчүлөр зор ынтаа менен кабыл алышты.

Коркут темасы Казакстанда өтө кеңири болгондуктан театр күйөрмандары бул спектаклге кайдыгер карай алган жок. Актерлордун чеберчилиги кол чабуулар менен коштолуп, театр сынчыларынын өзгөчө баасына татыды. Спектаклден соң талкуу болуп, кызуу пикирлер айтылды.

Адамдын асылдыгын даңазалап, ажал менен күрөшүп, татаал өмүр тагдырында адам өлбөстүктү артында калтырган изи жана руханий дүйнө менен жеңээрин далилдеген Коркут Атанын улуу философиясын алып чыккан Кайрат Иманалиевдин “Коркут Ата” драмасына көрүүчүлөр, фестивалдын катышуучулары өзгөчө таасир алганын жашыра алган жок.

Режиссер Марат Козукеев жана сүрөтчү Бакыт Тилекматов бул спектаклде ак каранын күрөшүндө өнөр менен өлбөстүккө жеткен Улуу Коркут Атанын дүйнө таанымында жаңыча ыкма менен изденгени, актерлордун жан дили менен берилип ойногону көрөрман тарабынан улам белгиленип жатты.

Фестивалдын жыйынтыгында, “Коркут Ата” спектакли 2-орунду багындырды. Калыстар тобу кыргыз актерлору аткарган спектаклге өзгөчө баа беришип “Эң мыкты чыгармачылык изденүү” номинациясын ыйгарышса, Коркуттун жаш кезин аткарган жаш актер Адыл Болорбек уулу“Эң мыкты аткарган ролу үчүн” сыйлыгына арзыды.

Эл аралык фестивалда зор ийгиликке жетишкен Кыргыз театрынын “Коркут Ата” спектакли башка чет мамлекеттердин да театр фестивалдарына чакыруу алды.

Пикир

Оставить комментарий