• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кайрылгандар азайды. Ош шаарында бир стационар жабылды

Аймак 0

Бишкек, 03.08.20. /Кабар/. Медиктерге кайрылгандардын саны азайгандыктан Ош шаарындагы Алишер Навои мектебинде ачылган күндүзгү стационар жабылды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мэриянын маалыматына таянсак, аталган стационар азырынча толугу менен эмес, убактылуу гана жабылды.

Белгилей кетсек, Ош шаарындагы 18 изоляцияда 1 миң 182 орун даярдалган. Күндүзгү 6 стационар ачылса, анын ичинен 4 стационар бейтаптарды күнү-түнү кабыл алып жаткандыгын кабарланган болчу.

Эске салсак, күн мурун Бишкек шаарында медиктерге кайрылгандардын саны кыскаргандыктан эки күндүзгү стационар жабылган.

Пикир

Оставить комментарий