• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Кайрымдуулук футболка". Порьенин футболкасы аукциондо 100 миң долларга сатылды

Спорт 0

Бишкек, 17.09.19. /Кабар/. Америкалык мушкер Дастин Порьенин футболкасы аукциондо 100 миң долларга сатылды. Ал каражат кайрымдуулук иштерине жумшалаарын MMA Junkie басылмасы билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Порьени муунтуу ыкмасы менен жеңип, жеңил салмак чениндеги курун сактап калган. Беттештен кийин эки мушкер өздөрүнүн футболкалары менен алмашышкан. Нурмагомедов Порьенин футболкасын аукционго коюп, түшкөн акчаны каршылашынын кайрымдуулук фондуна берээрин айткан.

Маалыматта айтылгандай, 100 миң доллар Угандадагы балдар үйүн жана мектепти суу менен камсыз кылуу үчүн кудук казууга жумшалат.

"Биз көп сандагы адамдарга жардам көрсөтө алганыбыз абдан алгылыктуу иш. Мен кылган иштерим менен сыймыктанам. Бизге жардам көрсөткөндөрдү өтө баалайм", - дейт Порье.

Ошондой эле, UFC уюмунун президенти Дэйна Уайт да өз эсебинен акча бөлгөн.

Пикир

Оставить комментарий