• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кайрымдуулук иш-чара: Пакистандагы кыргыз павильонунда жибек жоолуктар, улуттук тамактар көрсөтүлдү

Коом 0

Бишкек, 27.11.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Пакистандагы элчилиги Пакистандын тышкы иштер министрлигинин Аялдар бирикмеси (PFOWA) тарабынан уюштурулган ар жылдык кайрымдуулук базарына катышты. Бул жылдагы базардын темасы "Ар түрдүүлүктүн майрамы" деп аталды, - деп билдирет КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чара Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши, тышкы иштер катчысы Тахмина Жанжуа жана ардактуу конок Пакистандын биринч иайымы Самина Алвинин катышуусу менен өттү.

Кыргызстандын арналган павильонунда көркөм өнөр чыгармалары, белгилүү кыргыз жибек жоолуктар, кийизден жасалган кол өнөрчүлүктөр, улуттук кыргыз кийимдер жана ошондой эле салттуу кыргыз улуттук тамактардын түрлөрү көрсөтүлдү.

"Кыргызстандын павильону көп сандагы келген конокторго кызыктуу болду. Элчиликтин кызматкерлери конокторго кыргыз элинин үрп-адаттары жана каада- салттары тууралуу маалымат берип, улуттук тамак-аштарды сунушташты", - деп айтылат маалыматта.

Кайрымдуулук иш-чара элдердин ортосундагы тынчтыкты жана бир туугандыкты жайылтуу үчүн жакшы мүмкүнчүлүк болду.

"Ар түрдүүлүктүн майрамы - PFOWA 2018" кайрымдуулук базары майрамдуу, жылуу жана достук маанайда өттү.

Пикир

Оставить комментарий