• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кайсы ичимдикти жактырганыңды айтчы? Мүнөзүңдү айтып берейин

Дүр дүйнө 0

Ичимдик ичүү жаман эмес, аны маданиятсыз ичүү жаман экенин баарыбыз билебиз. Алкоголь ичимдигин орду менен ичсе ал эч кандай жагымсыздык жаратпайт. Эмесе урматтуу мырзалар, кайсы ичимдикти жактырганыңарды айткылачы? Ошого жараша мүнөзүңөрдү аныктап берейин.

Сыра

Колу ачык, берешен, көңүл ачууну сүйгөн эркектин ичимдиги - сыра. Жашоодо ал үчүн биринчи орунда достор менен болгон отуруш турат. Калп айтып коюудан да алыс эмес. Мындай мырзанын үй-бүлөгө пайдасы азыраак. Ар бир кырдаалды куулук менен жеңип, ар бир кыйынчылыктан ичимдик аркылуу чыгат. Өткөндөн сабак алуу эмне экенин билбейт.

Кызыл шарап

Кыялкеч, сырдуу, сулуу, жагымдуу мырзанын ичимдиги - кызыл шарап. Ал өзү каалагандай нукта гана жашаганды, кымбат кийингенди жактырат. Эң башкысы жанында сулуу жана өзүн алып жүрүүнү билген айым болсо болду. Үй-бүлөлүк жашоодо бул мырза турмуштун кыйынчылыктарына бат сынат. Ага карабай өзүнүн оюн гана туура деп эсептейт.

Коньяк

Сыртынан бышык, күчтүү көрүнгөнү менен бул мырзанын мүнөзү аябай жумшак. Буга жараша жан дүйнөсү да алда канча назик келет. Көп учурда спортту: теннисти, күрөштү, лыжаны баалаганы менен анын аягына чыга албаган сапатка ээ. Сүйүү менен үй-бүлөдө болсо табылгыс жөлөк.

Виски

Вискини жакшы ичкен мырзанын мүнөзү туруктуу, өзү күчтүү, өзүнө ишенимдүү болот. Ал алдына койгон максатына ар дайым жете билет. Кыйын кырдаалда досту таштабайт. Айымдын болсо фигурасын эле карабастан, ички дүйнөсүн, мүнөзүн, кол жөндөмүн биринчиге коёт.

Ак шарап

Эгер мырза бардык ичимдиктен алыс болуп, бир гана ак шарапка ыктаса, анда ал ишенимдүү өнөктөш, туруктуу дос. Бирөөгө карасанатайлык кылуу тууралуу ойлонбойт. Жашоодо ал үчүн апасы гана идеал болушу мүмкүн. Мүнөзү жумшак, бир сырдуу жана сезимтал. Сыр катууга жөндөмдүү келип, жашоодо көп учурда жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркашы мүмкүн.

Арак

Өткүр, күчтүү жана акчалуу эркектин ичимдиги. Бир урушкан адам менен мунун кайра элдешери мүмкүн эмес. Демек, кекчил жана көк бет. Бул мырзанын күлкүсү сүйүктүү адамынын жанында гана чыгышы мүмкүн. Бирок, аракты баалаган эркектин колу ачык, жүрөгү таза, максаты бийик болот. Ал дайыма оюн ачык билдире алат.

Шампан

Муну жакшы көргөн мырза майрамды да жакшы көрөт. Ансыз достордун бир да отурушу өтпөчүдөй сезилет. Ошол эле маалда моданы, тыкан кийинүүнү, кыз жандаганды сүйөт. Мындай мырзанын ишин көп учурда ийгилик коштойт. Бала чагынан калган кыялкечтиги, башкарма болгусу келгендиги өсүп отурат. Мүнөзү кырс, бетке айткыч жана боорукер.

Текила

Эркектин эркиндикти сүйөөрүн текила ичкенинен байкаса, жаңылыштык болбойт. Буга бекем, сынбаган, күчтүү, сабырдуу, эрктүү сапаттар мүнөздүү. Ошол эле маалда мындай жигит романтикадан, айым көңүлүн буруудан да артта калган эмес. Жашоону куулук менен багынтат, керектүүнү каалагандай жол менен табат.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий