• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кайсы өлкөлөргө элчилер дайындала элек – ТИМ башчысынын түшүндүрмөсү

Саясат 0

Бишкек, 17.09.18. /Кабар/. Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев журналисттерге Кыргызстандын кайсыл өлкөдө элчиси жок экендигин айтып берди.

ТИМ башчысынын айтуусуна караганда, Малайзия, Индия, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан жана Афганистанда элчи жок.

Абдылдаев билдиргендей, алардын 3-4 боюнча чечимдер кабыл алынган, керектүү жараяндар жүрүп жатат.

Ал эми башка элчиликтер боюнча кадрларды тандоо жүрүп жатат.

Эске сала кетсек, мурдараак КР ТИМнин биринчи саясий департаментинин директору Канат Турсункулов Казакстандагы элчини жыл аягына чейин тандай тургандыктарын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий