• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кайсы президенттер III ДКОго келе турганын тастыкташты - ТИМдин жообу

ДКО 2018 0

Бишкек, 18.07.18. / Кабар/. Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстандын президенттери жана Венгриянын премьер-министри сентябрда Ысык-Көлдө өтө турган Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышына катышарын тастыкташты. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди.

Анын айтымында, чакыруулар бир нече өлкөгө жиберилип жатат.

“Мен кечээ Венгриядагы кесиптешим менен сүйлөштүм, премьер-министр Виктор Орбан көчмөндөр оюнуна келет. Ал ошондой эле сентябрдын башында өтө турган түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын саммитине конок катары катышат”, - деди ал.

Абдылдаевдин билдиргенине караганда Россиядан бир катар адамдардын дагы келе турганы белгилүү болду.

“Бир катар эл аралык уюмдардын башчыларынын катыша турганы белгилүү болду”. – деди министр.

Пикир

Оставить комментарий