• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кайсы тамактарды ачкарын жегенге болбойт?

Дүр дүйнө 0

Татымалдар көп кошулган тамактарды

Кардыңыз ачып турганда, жыты буркураган ачуу татымалдар кошулган тамактарды жегиңиз келет. Бирок Нью-Йорк университетинин медицина илимдеринин доктору, гастроэнтеролог Лиза Гэнджинин пикиринде, татымалдардан улам ашказанда жагымсыз сезилүүсү мүмкүн. Ашказанда бош болгондо, татымалдардын таасирин эч нерсе жумшарта албайт. Ачуу калемпирлүү же соус кошулган даамдарды, экинчи тамак катары калтырган оң.

Эмне жегенге болот?

Ачуу тамактын таасирин жоюу үчүн сүт азыктарын ичкен туура болот. Ошондуктан индия ашканасында тамактарды йогурттун негизиндеги соустар менен беришет. Эгерде сиз ачка болсоңуз, эки-үч ууртам сүт ичип же бир нече кашык таттуу эмес йогурт жеп алсаңыз болот. Татымалдарды жегенге болот, бирок тмин же кориандр сыяктуу ашказан тутумуна зыян келтирбегендерин.

Атлантадагы азык-түлүк жана диететика Академиясынын өкүлү диетолог-нутриционист Тамара Мелтон айткандай, алма жана алмурут курсакты тойгузбайт. Жемиштердеги кант конфеттердеги кантка салыштырмалуу канга жай жетет, бирок бул тамакка болгон каалоону токтотпойт. Жемиштерге белок көп азыктарды кошууга керек. Алсак, жаңгак же сыр менен жесеңиз болот. Ошондой эле жемиштер быштак менен да жакшы айкалышат.

Снеки, чипсы жана печеньени ачкарын жегенге болбойт.

Беш крекерде курсак тойгуза албаган 100 килокалория болушу мүмкүн. Бул фастфуд азыктарынын башкы көйгөйү: жеңил жеткиликтүү көмүртектердин көп саны кандагы кантты дароо жогорулатып, кайра тез түшүрөт. Мындан улам сиздин кайра эле тамак жегиңиз келип баштайт.

Ары-бери жүрүп жегенге тоок эти менен бутерброд алып алган оң. 200-300 килокалория ачка болууну басат.

Апельсин, кофе, кетчуп – бул азыктар ашказан кычкылын бөлүп чыгарууну шарттайт. Аларды ачкарын жесеңиз, натыйжада зарына болуп же ашказаныңыз ооруйт. Ачка кезде ансыз да кычкыл көп болот. Кофе жана кофеин гастрит оорулууларга өзгөчө зыян.

Көпчүлүк жашылчалар кычкылдын бөлүнүп чыгышына алып келбейт, ошондуктан ачка болгондо буурчак же картошка пюресин жеген жакшы.

Ачкарын кезде суши жеген ашказанга зыян. Андан көрө бадыраңга оролгон ролл жеген дурус.

Мындан тышкары ачкарын алкоголь ичимдиктерин ичүүгө болбойт.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий