• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кайсы учурларда айдоочу транспорт каражатын башкаруудан четтетилет? Милициянын түшүндүрмөсү

Коом 0

Бишкек, 03.12.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматы кайсы учурларда айдоочу транспорт каражатын башкаруудан четтетилерине түшүндүрмө берди.

Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү – бул укук бузууларды болтурбоо (токтотуу) максатында транспорт каражатын башкарууга убактылуу тыюу салуу.

1) эгерде транспорт каражатын башкарган адамдын транспорт каражатынын катталганы жөнүндө күбөлүгү, тийиштүү категориядагы айдоочулук күбөлүгү жок болсо;
2) эгерде транспорт каражатын башкарган адам жараксыз деп таанылган айдоочулук күбөлүктү же транспорт каражатынын катталганы жөнүндө күбөлүктү.
3) эгерде транспорт каражатын мамлекеттик каттоонун номердик белгилери же алардын бири жок болсо, анын ичинде эгерде алар стандарттуу эмес (жасалма) болсо же болбосо башка транспорт каражатына берилген (жалган) болсо;
4) эгерде транспорт каражатынын кузовунун жана шассисинин номери ошол транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктөгү маалыматтарга шайкеш келбесе;
5) эгерде транспорт каражатын мас абалдагы адам башкарып баратса жана бул медициналык, анын ичинде атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен жүргүзүлгөн күбөлөндүрүүнүн натыйжалары менен ырасталса же болбосо бул адам күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тартса;
6) эгерде транспорт каражатына жабдууларды орнотуу же аны кайра жабдуу ченемдик талаптарды бузуу менен жүргүзүлсө, анын ичинде эгерде транспорт каражаты атайын үндүү (көп сигналдуу) сигнализация же жаркылдап туруучу жарык сигнал менен жабдылса же болбосо айнегине пайдаланууга тыюу салынган пленка капталса (пленканы ошол жерден алып койгон учурлардан тышкары);
7) Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен жүрүү үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген жол берилген салмак-габариттик параметрлеринин ченемдерин сактабоо (ашыруу);
Кодекстин 21-главасында каралган укук бузууларды жасаганда салынган 100 эсептик көрсөткүчтөн ашкан айып пулду кодекстин 563-беренесинин 1-бөлүгү менен белгиленген төлөө мөөнөтүн бузганда;
9) чет өлкөлүк ташуучулардын Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча өтүүгө уруксаты же атайын уруксаты болбогон же болбосо ташуунун тиешелүү түрүнө ылайык келбеген эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашыруусу;
10) транспорт каражаттарынын айдоочусу тарабынан транспорт каражатынын же башка мүлктүн ээлерине материалдык зыян, ошондой эле адамдын ден соолугуна жеӊил жаракат алып келген жол кыймылынын эрежелери бузулганда;
11) транспорт каражаттарын каттоо тартиби бузулганда;
12) адам автоээнбаштык жасаганда.

Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү четтетүүнүн бардык себептери толугу менен жоюлганга чейин адамдын транспорт каражатын башкаруусуна тыюу салуу жана жол бербөө аркылуу колдонулат.

Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жөнүндө ички иштер чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын жана транспорт чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу органдын кызматкери тарабынан укук бузуулар жөнүндө протоколго тиешелүү жазуу жүргүзүлөт, ал эми ушул берененин 2-бөлүгүнүн 7-9-пункттарында каралган учурларда өзүнчө протокол түзүлөт жана транспорт каражатын башкаруудан четтетүү түрүндө кошумча укуктук кесепеттерди колдонуу тууралуу токтом чыгарылат.

Айдоочу транспорт каражатын башкаруудан четтетилген учурда ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган, ошондой эле транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган иш боюнча чечим чыгарылганга жана ушул беренеде көрсөтүлгөн жана адамды транспорт каражатын башкаруудан четтетүү үчүн негиз болгон себептер жоюлганга чейин транспорт каражатын убактылуу сактоо үчүн адистештирилген (айыптык) токтотуучу жерге жеткирет.

Кодекстин 520-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган учурларда, кодекстин 21-главасында каралган фото жана кинотартуу, видеожазуу функциялары бар, сертификатталган атайын контролдоо-өлчөөчү техникалык каражаттар менен автоматтык режимде тартылган. Кыргыз Республикасынын аймагында катталбаган транспорт каражатында жасалган укук бузуулар жөнүндө маалыматтар автоматтык маалыматтык тутумда бар болсо, бул транспорт каражатын башкарган адамга карата укук бузуу жөнүндө протокол кагаз жүзүндө же электрондук формада түзүлөт жана бул адам транспорт каражатын башкаруудан четтетилет.

Пикир

Оставить комментарий