• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кайталангыс гол: Футболчунун талаанын ортоңку бөлүгүнөн сүзгөн тобу голго айланды — видео

Спорт 0


Бишкек, 18.10.19. /Кабар/. Англиянын Түндүк премьер лигасындагы "Басфорд Юнайтед" клубу "Юнайтед оф Манчестер" командасы менен болгон оюнда кайталангыс гол кирди. Анын видеосу "Басфорд Юнайтед" клубунун расмий твиттер баракчасына жарыяланды.

Оюн 1:1 эсебинде жүрүп жаткан.

Басфорддун коргоочусу Стефан Галински талаанын жарым бөлүгүнөн башы менен сүзгөн тобу каршылашынын дарбазасына кирди. "Юнайтед оф Манчестер" команданын дарбазачысы көкөлөп келе жаткан топту тозоордо топ дарбазачынын маңдайынан жерге тийип, кайра жогору секирип кеткенин тасмадан көрүүгө болот.

Эки команданын беттеши 3:1 эсебинде "Басфорд Юнайтед" клубунун пайдасына чечилген.

Пикир

Оставить комментарий