• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кайтаруу жана күзөтүү департаменти 80 жылдык мааракесин белгилөөдө

Коом 0

Бишкек, 20.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 20-апрелде Кайтаруу жана күзөтүү департаменти өзүнүн 80 жылдыгын белгилөөдө. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.

Мааракелик иш-чарага Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын жетекчилиги, өз ара кызматташкан түзүмдөр, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жаш жоокерлердин ата-энелери жана жакындары, ардагерлер чакырылган.

Ошондой эле жазгы чакырылыштагы жоокерлер салтанаттуу ант беришти.

Департаменттин аскердик оркестринин аткаруусунда аскер кызматкерлери конокторго курал-жарактар менен машыгуунун чеберчилигин, кол кармашуу ыкмаларын, кызматтык иттерди жана атайын каражаттарды колдонуу менен тактикалык жана атайын даярдык боюнча көрсөтмөлөрдү көрсөтүштү.

Департаменттин негизги милдеттерин эске сала кетели:

- түзөтүү мекемелеринин коопсуздугун жана коргонуусун камсыз кылуу;

- соттолуучуларды, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды коштоо;

- кылмышкерлерди ташууга катышуу;

- кайтаруудан качып кеткен адамдарды издөө жана кармоо;

- өздүк курамга жана корголуучу объекттерге кол салуулардын мизин кайтаруу;

- өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч келтирген массалык антисоциалдык аракеттерге бөгөт коюу.

Пикир

Оставить комментарий