• 84.45
  • 88.96
  • 1.37

“Кайыңды кант” ишканасы кумшекердин дүң баасын төмөндөттү

1249 кароо Экономика 0

Бишкек, 21.09.22. /Кабар/. “Кайыңды кант” ААКсы бүгүндөн тарта кумшекердин дүң сатуу баасын 1 кг 79 сомго чейин төмөндөттү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, баанын төмөндөшү базарда кумшекердин чекене баасынын мындан ары турукташуусуна оң таасирин тийгизет.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы кумшекерге бааны белгилөөдө жогорудагы жагдайларды эске алуу өтүнүчү менен сатуучуларга кайрылат.

Пикир

Оставить комментарий