• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Кайыңды-Кант” кант заводу РКӨФнан кошумча 1,5 млн доллар алды

Экономика 0

Бишкек, 08.09.17. /Кабар/. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду “Кайыңды-Кант” кант заводу ААКга кошумча жабдуу алуу үчүн кошумча каржылоо лимитине 1,5 млн доллар кошту. Бул тууралуу фонддон билдиришти.

Сатып алынган жабдуу – суткасына 3 миңден 3,5 миң тоннага чейин кум шекер өндүрүүнү шарттайт. Кайра иштетүүнүн кубаттуулугун жогорулатуу Кыргызстанда 2016-2017-жылдары кант кызылчасынын аянтын кеңейтүүгө байланыштуу.

Буга чейин Фонд заводго 5,5 млн доллар өлчөмүндөгү насыя берген. Бул долбоорду ишке ашыруу Кыргызстанга кум шекерди импорттоону кыскартып, өлкө ИДПсынын 1%га өсүшүнө түрткү берет.

Белгилей кетсек, Фонддун 2 жылдык ишинде 248 млн долларга 767 долбоор каржыланган. Алардын 31 долбоору ири бизнес, 736сы чакан жана орто бизнес.

Пикир

Оставить комментарий