• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Кайыңды” конушунда бала бакча курулуп жатат

Коом 0

Бишкек, 05.11.19 /Кабар/. “Кайыңды” конушунда бала бакча курулуп жатат, - деп билдирет Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, учурда курулушу жүрүп жаткан №187 бала бакчанын пайдубалы тургузулган.

Курулуш иштерине жалпысынан 6,7 млн сом бөлүнгөн. Жаңы имараттын аянты 155 чарчы метрди түзүп, ичинде уктоочу бөлмө, ойноочу бөлмө, тамбур, чечинүүчү бөлмө, коридор, музыкалык зал жана аспаптарды сактоочу жай пландалган.

"Курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын декабрь айында аяктап, балдардын жаңы-жылдык иш-чаралары жаңы имараттын ичинде өтөт", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий