• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кайыңдыда пикир келишпестиктен улам ок атылып, бир адам жараат алган

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. Кайыңдыда пикир келишпестиктен улам ок атылып, бир адам жараат алган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-апрелде Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнө “102” кызматы аркылуу Кайыңды шаарындагы базардын жанында эркек кишинин мылтыктан жараат алгандыгы жөнүндө билдирүү келип түшкөн.

Бул факт Панфилов РИИБнин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси (бейбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, 2021-жылдын 25-апрелине караган түнү саат 01:30 чамасында бир нече баладан турган эс алуучу компанияга, алардын жанынан өткөн эки жигиттин ортосунда оозеки пикир келишпестик болуп, жыйынтыгында өтүп бара жаткан экөөнүн бири жаш жигиттерди көздөй эки жолу ок чыгарып, белгисиз тарапка изин суутуп кеткен. Бардык жагдайлар такталууда. Натыйжада 22 жаштагы П.Б. аттуу жарандын денесине эки жолу ок тийип, райондун аймактык ооруканасына жеткирилген. Аталган кылмышка шектүү катары Кайыңды шаарынын 27 жаштагы А.А. аттуу жергиликтүү тургуну кармалган.

Керектүү экспертизалар дайындалды. Учурда кармалган адам убактылуу кармоочу жайга камалды. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Пикир

Оставить комментарий