• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кайыңдыдагы эт комбинатта унаага күйүүчү май куюп жатканда өрт чыкты — видео

Кырсык 0


Бишкек, 28.09.21. /Кабар/. Чүйдүн Кайыңды шаарында жайгашкан эт комбинаттын аймагында мунай зат ташуучу унаага цистернадан күйүүчү май куюп жаткан учурда өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, цистернанын көлөмү 3000 куб метрди түзгөн.

Өрттүн кесепетинен айдоочу колунан жеңил жаракат алып, аны тез жардам алып кеткен. Абалы жакшы экендиги айтылат.

Өрт саат 21:17де толук өчүрүлдү. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий