• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кайыпов ТүркПА баш катчысы менен жолукту

Аймак 0

Бишкек, 20.09.17 /Кабар/. Бүгүн, 2017-жылдын 20-сентябрында Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Түрк тилдүү ѳлкѳлѳрдүн Парламенттик Ассамблеясынын башкы катчысы Жандос Асановду кабыл алды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Ж.Асанов тарыхтын, маданияттын жана тилдин бирдиктүүлүгүнүн базасында парламенттик кызматташуусуна тийиштүү маселелер менен бирге мыйзамдарды жакындаштыруу жана ѳз ара аракеттешүүнү бекемдѳѳ боюнча иш алып бараарын айтып, түрк тилдүү ѳлкѳлѳр арасында тең пайдалуу жана тең укуктуу кызматташууга жардам кѳрсѳтүү максатында Катчылыктын түзүлгөнүн маалымдады. Башкы катчы Нарын жергесинин акыркы убакта өнүгүү, өсүш бар экенин белгилеп, ошондой эле, облустун тарыхый жайларын кыдырганын жана бийик тоолоруна, кооздугуна, суктанганын билдирди.

А.Кайыпов Нарын облусундагы социалдык-экономикалык жагдайы боюнча маалымат берип, акыркы жылдары соода-экономикалык багытта аткарылып жаткан иштерге токтолду. Андан соң ТүркПА Катчылыгы менен кызматташууну бекемдеп, түрк тилдүү ѳлкѳлѳр үчүн мааниси бар маданий мурастын жана тарыхтын, искусствонун, адабияттын жана башка тармактардын баалуулуктарын сактоо боюнча иш жүргүзүүгө даяр экендигин билдирди. Облус башчы Катчылыктын түрк тилдүү өлкөлөр үчүн маанисин белгилеп, аткарып жаткан иштерине ийгилик каалады.

Маалымат үчүн: 2008-жылдын 21-ноябрында Түркиянын Стамбул шаарынын Долмабахча сарайында Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын парламент башчылары тарабынан кол коюлган Макулдашуусуна ылайык Түрк тилдүү ѳлкѳлѳрдүн парламенттик Ассамблеясы түзүлгѳн.

Пикир

Оставить комментарий