• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Какырыкты кетирип, жөтөлдөн арылтуучу сироптун даярдалышы

Дүр дүйнө 0

Кыш – бул керемет мезгил: таза абада сейилдөө, жылгаяк тебүү ж.б. Бирок кээ бир адамдар үчүн кыш – бул сасык тумоо жана жөтөл. Адамдар кышкысын көбүнчөсү суук тийгизип алышып, узак убакытка какырык менен жөтөлдөн арыла албай убараланышат. Көптөгөн дары-дармектер терс таасирге ээ. Ошондуктан мындайда натуралдык каражаттарды колдонуу артыкчылыктуу. Биз сиздерге сабиз менен балдан даярдалган жөтөлгө каршы таасирдүү каражатты сунуштайбыз.

Сабиз менен балдын негизиндеги бул жөнөкөй рецепт жада калса өтүшүп кеткен жөтөлдөн арылтат.

Сабиз — ½ кг
Табигый бал — 3-4 аш кашык
Суу — 200 мл

Сабизди жууп, тазалайсыз. Аны майда бөлүктөргө туураңыз. Тууралган сабизди (200 мл) кайнап жаткан сууга салып, жумшаргыча кайнатуу керек. Андан соң сабизди суудан алып чыгып, блендерге салып эзесиз. Ага суу менен кошо 3-4- аш кашык бал кошуп, аралаштыруу зарыл.

Ошентип, сиздин табигый каражатыңыз даяр болот. Аны айнек идишке куюп, муздаткычта сактоо керек.

Күнүнө 3-4 жолу 1 аш кашыктан ичүү керек, 2 күндө сиз жөтөлдөн кутуласыз.

Бул абдан даамдуу рецепт болгондуктан, балдарды дары ичүүгө кыйноонун кажети жок болот.

Бул сиропту колдонуп, жөтөлдөн айыгып, ден соолукта жүрүңүз!

Белгилей кетсек, сабиз абдан пайдалуу жашылча. Ал айрыкча диабет менен жабыркагандар үчүн жана гипертонияда пайдалуу. Сабиз иммунитетти жогорулатып, жүрөк-кан тамыр, рак ооруларынын алдын алат. Холестеринди азайтып, терини жашартат. Анда кальций жана А витамини көп.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий