• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте төрт унаа кагышып, бир айдоочу каза болду (фото, видео)

Кырсык 0


Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. Бишкектеги Жукеев-Пудовкин менен Түштүк магистраль көчөлөрүнүн кесилишинде маршрутка жана үч жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы орун алды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматында, кырсык бүгүн, 4-февралда саат 15:00 чамасында болду.

Mercedes-Benz C-Class, Mercedes-Benz Sprinter, Toyota Ist жана Honda Fit үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан.

Жол кырсыгынан 4 адам жабыркап, бир айдоочу каза болгон.

Кырсыктан башка жабыркагандар тууралуу маалымат такталууда.

Пикир

Оставить комментарий