• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Калаада элечекти даңазалаган акция болуп өттү (сүрөт)

Маданият 0

Бишкек, 27.07.18. /Кабар/. Кечээ, 26-июлда Бишкекте элечекти даңазалаган “100 элечекти 1 саатта оройбуз” акция болуп өттү.

Маданий иш-чараны уюштурган "Кийиз дүйнө" коомдук фондунун жетекчиси Айдай Асангулова билдиргендей, акцияга кызыгып келгендердин саны көп болду.

“Элечек ороо калк ичинде акыркы беш жылдын аралыгында кайрадан жанданып, көп аялзаты кийип баштады. Бул албетте кубандырат. Негизи элечектин 40 түрү бар, биз болгону анын 18 түрүн изилдеп чыкканбыз”, - деп билдирди Асангулова.

Флешмобго ар кандай тармакта эмгектенген айымдар жана жаштар катышышты.

Белгилей кетсек, акция Эл аралык “Оймо” фестивалынын алкагында үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына карата уюштурулду.

Бул — баш кийимдин бир түрү. Ак кездемеден тегерете кат-кат болуп оролгон аялдардын бул баш кийимин баш кеп, сала коймо, ээк алмай, астыңкы жана үстүңкү тартма, тумарча, бадал сыяктуу негизги түрлөрү бар.

Пикир

Оставить комментарий