• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Калаадагы маршруттук троллейбустар жол кырсыгынан кийин кайрадан иштей баштады – мэрия

Коом 0

Бишкек, 06.10.17,/Кабар/. Бүгүн, 6-октябрда таңкы саат 4:20 чамасында болгон жол кырсыгынан улам троллейбус линиялары өчүрүлгөн болчу. Кырсыктын натыйжасында №11, 14 жана 5 троллейбустардын иши убактылуу токтотулган болчу.

Кийинчерээк “Бишкек троллейбус башкаруу” МИнын кызматкерлери тарабынан саат 7:50 чамасында жол кырсыгынын кесепети жоюлган.

Калаадагы №11, 14 жана 5 троллейбус каттамдарынын иши кайрадан жанданды.

Пикир

Оставить комментарий