• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ленин районунун башчысынын орун басарлары дайындалды

Коом 0

Бишкек, 24.08.20. /Кабар/. Калаанын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев бүгүн Ленин райондук администрациясынын жамаатына жаңы жетекчилерди тааныштырды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КРнын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын 30-беренесине ылайык, Октябрь районунун башчысынын орун басары Алтынбек Маматов Ленин районунун башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды.

Ленин районунун Билим берүү борборунун директору Айзада Жунусова ушул райондун башчысынын орун басары кызматына которулду. Ал мурда райондук администрацияда 14 жыл эмгектенген.

Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койду.

Пикир

Оставить комментарий