• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Калиева ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын XV Кеңешмесине катышууда

Коом 0

Бишкек, 30.10.20. /Кабар/. Бүгүн, 30-октябрда видеоконференция байланышы аркылуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку сотторунун төрагаларынын XV Кеңешмеси өтүп жатат. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргызстандын Жогорку сотунун төрайымы Гүлбара Калиева жана жергиликтүү соттордун судьялары, Казакстандын Жогорку сотунун төрагасы Жакып Асанов, Индиянын Жогорку сотунун судьясы Удай Умеш Лалит, Кытайдын Жогорку Эл Сотунун төрагасы Чжоу Цян, Пакистандын Жогорку сотунун судьясы Муниб Ахтар, Россиянын Жогорку сотунун төрагасы Вячеслав Лебедев, Тажикстандын Жогорку сотунун төрагасынын биринчи орун басары Шавкат Лутфуллозода, Өзбекстандын Жогорку сотунун төрагасы Козимджан Камилов, Беларустун Жогорку сотунун төрагасы Валентин Сукало, Монголиянын Жогорку сотунун төрагасы Ганзориг Дамдин катышууда.

Ошондой эле Кеңешмеге Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Владимир Норов, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлдөрү, Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочу-мамлекеттери, аталган уюмга мүчө мамлекеттердин элчилери көз салышууда.

Онлайн Кеңешменин жүрүшүндө Бишкек шаарынын Административдик сотунун төрайымы Чолпон Досмамбетова “Сот тутумундагы коррупцияга каршы чаралар жөнүндө” доклад жасады. Ал эми Ош облусунун Өзгөн райондук сотунун судьясы Өмүрбек Сарыбаев “Заманбап сот өндүрүшүн автоматташтыруу”, Ысык-Көл облусунун Административдик сотунун төрагасы Мелис Тагаев “Дүйнөлүк пандемия жана экономикалык кризис шартында сот адилеттиги” темасында доклад менен чыгышат.

Конструктивдүү жолугушууда сот адилеттигин жүзөгө ашырууда жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана социалдык медианын таасири, анын ичинде сот адилеттигинин чуусу сотко кысым көрсөтүү фактору катары, ошондой эле соттордо коррупциялык тобокелдиктерди жоюу, жазык мыйзамдарын гумандаштыруу, конституциялык баалуулуктарды жайылтууда, мамлекеттин укуктук жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда, ошондой эле COVID-19 пандемиясы учурунда укуктук мамилелерди жөнгө салууда соттордун ролу талкууга алынат.

Белгилей кетүүчү жагдай, аталган Кеңешме өткөн жылы Россияда өткөн болсо, быйыл анын уюштуруучусу Казакстан Республикасы. Кийинки иш-чара Кыргыз Республикасында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий