• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Калиева Тартип комиссиясынын аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу тууралуу чечимине макул эмес

Коом 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Жогорку соттун басма сөз кызматы ЖС төрайымы Гулбара Калиеванын КРнын Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын чечимине байланыштуу комментарийин жарыялады.

“Мени кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү тууралуу чечим мыйзамсыз экенин белгилеп кетүү зарыл деп ойлойм. Анткени, менин ооруп жаткандыгым тууралуу маалым кат бергениме жана бул ишти менсиз карабоо боюнча өтүнүчүмө карабай жыйын менин катышуумсуз өткөн. Мындан тышкары, шашылыш чечим кабыл алуу дагы түшүнүксүз, мыйзамда кароого төрт айлык мөөнөт каралган. Мындай аракеттер мыйзамга каршы келет”,-дейт Г.Калиева.

Эскерте кетсек, мындан мурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ЖС төрайымы Г. Калиева Тартип комиссиясынын ишине атайылап жолтоо болуп, анын маселесин кароону кечиктирип жатат деп билдирген. Г. Калиевага карата “Жергиликтүү соттун” автоматташтырылган маалымат тутумун иштеп чыгуу жана жайылтууда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок Жогорку соттон Г. Калиева ооруп жатканын жана тиешелүү медициналык маалым кат берүүгө даяр деп белгилеп, бул маалыматты жокко чыгарган.

Бүгүн КРнын Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясы КР Жогорку сотунун төрайымы Г.Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.

Пикир

Оставить комментарий