• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Калиева Жогорку соттун төрайымы болуп шайланды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 22.09.18. /Кабар/. Бүгүн, 2018-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымын жана орун басарларды шайлоо болуп өттү. Бул тууралуу Жогорку соттон кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жалпы жыйынга 33 Жогорку соттун судьясы катышып, бир добуштан Гүлбара Утюровна Калиеванын талапкерлигин колдошту.

Андан сырткары үч орун басар шайланды:

Бокоев Каныбек Абдраевич — Жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын;

Асанова Нүргүл Молдобековна — Жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын;

Токбаева Айнаш Абдымановна — Административдик жана экономикалык иште боюнча соттук коллегиясынын.

Пикир

Оставить комментарий