• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Калифорния штатындагы мектепте кол салуу болуп, экөө каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 15.11.19. /Кабар/. Лос-Анжелестин четиндеги Санта-Кларита шаарындагы орто мектепте аткылоо болуп, эки киши мерт кетти, үчөө жаракат алды. Бул тууралуу жергиликтүү шерифтин өкүлү кабарлады. Окко учкандар 14 жана 16 жашта болгон.

Кол салууга бейшемби күнү туулган күнүн белгилеген 16 жаштагы өспүрүм шектелүүдө. Ал сабакка кара кийимчен келип, пистолет менен ок аткан. Андан соң ал өзүн башка аткан. Шектүү оор абалда ооруканага жеткирилген. Кол салуунун себептери аныкталууда.

2019-жылы Колорадо штатынын "Колумбайн" мектебиндеги кол салууга 20 жыл болот. Эки куралчан өспүрүмдүн чабуулунан өздөрүн кошо эсептегенде 15 киши мерт болгон, 23ү жаракат алган. Анын натыйжасында "колумбайнерлердин" субкультурасы пайда болуп, айрым окуучулар жана студенттер ушундай мүнөздөгү кылмыш жасоого аракет кылып келишет.

“Эверитаун” уюмунун маалыматына караганда, быйыл АКШда курал колдонуу менен жасалган кылмыштардын саны кеминде 85ке жетти.

Пикир

Оставить комментарий