• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Калифорниядагы өрт: Каза болгондордун саны 80ден ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 22.11.18 /Кабар/. Калифорнияда болгон өрттүн кесепетинен каза болгондордун саны 83кө жетти. Бул тууралуу кечээ, 21-ноябрь күнү округдун шерифи Бьютт Кори Хони кабарлаган.

Анын айтуусунда, штаттын түндүгүндө өрттөнүп кеткен Парадайс шаарчасында көп адамдардын сөөгү табылды.

Андан тышкары, 560дан ашуун адам дайынсыз болуп, табылбай жатат. Ошол тизмеде учурда коопсуз жерде болуп, бирок өкмөткө билдире элек адамдарда кирип калышы мүмкүн, - деп маалымдайт Deutsche Welle.

Өрт 8-ноябрдан бери токтобой келет. Бул Калифорниянын тарыхында эң көп адам өмүрүн алган кырсык болуп эсептелет. Өрт токойдун жүздөгөн чарчы метрин, улуттук парктардын, корголуучу аймактардын көбүн жок кылды. 13 миңден ашык турак жайлар күйүп, жүз миңдеген адамдар коопсуз жерлерге көчүрүлдү. Бирок азыркы күнгө чейин жалын токтой элек.

Пикир

Оставить комментарий