• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Калифорниядагы өрттөн каза болгондордун саны дээрлик 60ка жетти

Кырсык 0

Бишкек, 15.11.18. /Кабар/. Калифорниядагы өрттөн каза болгондордун саны дээрлик 60ка жетти. Бул тууралуу штаттын бийлиги кабарлады.

Өрт уланып жаткан Калифорниянын түндүгүндө 56 адам кырсыктын курмандыгы болду. Дагы 130 адамдын жүргөн жери аныктала элек.

Штаттын түштүгүндөгү Малибу шаарынын тегерегинде 3төн кем эмес киши набыт болгон.

Camp деп аталган өрттүн жалпы аянты бүгүнкү күнгө карата 55 миң гектардан ашты. Өрттүн чоң бөлүгү жетүүгө оор болгон аймакта жайгашкан.

Округдун шерифи Бьюттун айтымында, кечээ, 14-ноябрда 287 атайын кызматкер сөөктөрдү издөө үчүн тартылган. Жалпысынан издөө операциясына 461 адам жана 22 атайын үйрөтүлгөн ит катышууда.

Пикир

Оставить комментарий